www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Искендер Сулайманов Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында 21–22-май күндөрү Корея Республикасынын Сеул шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйынына катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектөөдө.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташтыгынын ар түрдүү багыттарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин ортосунда табигый кырсыктарды башкаруу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум түзүү аркылуу кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бул Меморандумга кол коюу 2026-жылдын 17–18-сентябрь күндөрү Сеул шаарында өтө турган «Корея Республикасы – Борбордук Азия» саммитинин алкагында пландалууда.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Последние новости