www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде мамлекеттик тилдин колдонулушу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын билим берүү тармагында аткарылышы боюнча жыйын өттү.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле министрликтин кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышы, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тилдин колдонулушу, кызматкерлердин тилдик компетенциясын жогорулатуу, билим берүү уюмдарындагы окутуу жана тарбиялоо тили, окуу китептерине байланыштуу маселелер, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана ведомстволор аралык кызматташтык маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тилдин калыптанышы түздөн-түз билим берүү системасы менен байланыштуу экенин белгилеп, бул багытта тил комиссиясы менен Агартуу министрлигинин тыгыз кызматташуусу өзгөчө маанилүү экенин айтты.
