www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Барпы Айылында жайгашкан саркынды сууну тазалоочу курулма жана ичүүчү суу сактагыч объектисине карата инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Адистер объектинин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, курулуш конструкцияларынын учурдагы абалын толук текшеришти. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, объекттин конструкцияларына инженердик талдоо жүргүзүлдү.

Аталган объектилер “Бест Хаус Гранд” ЖЧКсына таандык. Текшерүүнүн максаты - объектилердин техникалык абалын жана аларды мындан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо.

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, андан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Последние новости