www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар 2023-жылдын бюджетин кабыл алуудан баш тартышары, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго ишеним көрсөтпөөгө бел байлашары талкууда. Аныгында, буга чейинки анын айткандары жел сөз, асмандан алынган цифралар экени бадырайып, реалдуу көрсөткүчтөр оңунан чыкпай калганы жашыруун эмес. Көз жазгыруу кепке узабайт эмеспи.

Сыягы, бийлик билермандары деле Акылбек Жапаров менен алыска бара алышпай турганын сезип отурушса керек. Оппозициялык маанайдагы депутаттар деле каршы чыгышууда. Өкмөттүн отставкасын талап кылгандар да дүргүй башташты. Мындай шартта мал болбой калды» деген кепти эрксизден эстейсиң. Оомат кеткендин белгиси да...

Эмесе, ордуна ким татыктуу? Коомчулуктун баамында, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун өкмөт башына келиши туура тандоо болмок. Азыр караңгыдан каз тапкан, чечкиндүү, саясатты терең түшүнгөн, о.э. күчтүү финансист, дасыккан экономист керек. Бул сапаттар Ахматбек Келдибековдо жетиштүү. Ал соцфондду салык кызматын жетектегенде жогорку деңгээлдеги ийгиликтерди жараткан.

Кризис-менеджер катары жаш кезинде эле таанылганы ырас. Тажрыйбалуу, мыкты уюштургуч, эсепти так билет. Популизм менен ойнобойт, реалдуу картинаны гана көрсөтүп Ошого жараша иш алып барат. Бир-эки жылга карай алдын ала анализ жасап, туура багытты көрсөтөрү шексиз. Кыскасы, Ахматбек Келдибековдун ишт жогорку чеберчиликте. Демек, кызганбай эле которсок, карапайым калк үчүн утуш болмок, "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген кеп бекеринен айтылбаса керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости