www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров депутат Эльвира Сурабалдиеванын Сурабалдиев жана Ташиевдердин үй-бүлөлөрүнүн бизнестерин текшерүү сунушуна жооп кылып, "чектен өтпөөнү" суранды.

“Сиз менден бир топ кичүү экенсиз, мен азыр Салык кызматынын жетекчисине сөз берем, ал баарын айтып берет”, - деди ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.

Өз кезегинде депутат «Кудайберген» базарында июль, август айларында текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты. Ошол учурда ал процессте пайда болгон аудиону издеп жүргөн.

"Мен сизди издеп жүрдүм эле, сен мага сентябрь айындагы митингге элдин баарын чакырганым тууралуу аудио жазуу бар деп айткансыз. Мен бул аудиону бергиле деп сурандым, бирок эч ким берген жок. Бул эмне деген басым? Мени душман деп эсептейсиз, Мадумаров менен бирсиң деп жатасыз. Бирок 90 депутаттын баары мен аны менен жабык жыйында урушканымды билет жана экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок", - деди ал.

Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов «Кудайберген» базарында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 40 миллион сом кошумча салыктар болгондугун, анын 30 миллион сому санкция жана айыптык санкциялар экенин билдирди.

"Бул жерде эч кандай саясий ниет жок", - деди Алтынбек Абдувапов.

Буга депутат Мамлекеттик салык кызматынын башчысы менен жеке сүйлөшүүсүндө «шефтерди таарынтып алдыңыз, ошол жакка барыңыз», деп айтканын билдирди.

"Эгерде мен бизнесим үчүн коркконумда депутат болбойт элем. Жээнбеков мени 25 жылга камайм десе, мен дагы 5-октябрда митингге чыккам. Мен коркпойм, Кудай бар. Камалып чыккандар деле президент болду", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости