www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Конституцияда "2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия, пособие жашоо минимумунан аз болбойт" деп жазылганын эске салып, ал норманын аткарылышына кызыкты.

Статистика боюнча улуттук комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев учурда пенсионерлердин жашоо минимуму 5600 сом экенин айтты. Ал эми Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев эң аз пенсия 2500 сомду түзөрүн белгиледи.

"2021-жылы 11-апрелде миллиондон ашык жаран ошол Конституцияны колдогон. Алар пенсия жашоо минимумунан төмөн болбойт деп ишенишкен. Акылбек Үсөнбекович, 1-январда пенсия канча болот, бул норма иштейби?" — деп сурады Бекешев.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Конституцияга бул норма жазылып жаткан кезде эле аткарууга мүмкүн эместигин айтканын белгиледи.

"Анткени пенсионерлердин 450 миңден ашыгы айыл чарба секторундагылар. Алар жер салыгы менен гана Социалдык фондго айына 8-10 сомдон төлөп жүрүшкөн. Бул норма иштебейт дегенге болбой, Конституция кабыл алгандан кийин ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. 1-январдан баштап ишке ашырууга киришебиз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал милдеттемелер боюнча бир гана пенсияда көйгөй жаралып жатканын, калган тармактар жөнгө салынганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости