www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы уюштурган тегерек столдо азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Талкууга эксперттер, талдоочулар, азык-түлүк коопсуздугу боюнча адистер, мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана АӨК өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү катышты.

Учурдагы көйгөйлөр боюнча азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперт Канат Тилекеев баяндама жасады. "Кыргызстандын калкынын 33% жакырчылыктын чегинде жашайт (бул өткөн жылдын маалыматы), 2020-жылы бул көрсөткүч 25%, 2019-жылы 20% түзгөн. Азыр 2 миллион 200 миң жараныбыз жакырчылыктын чегинде күн кечирет. Ачкачылык чеги деп да аталган өтө жакырчылыктын ылдый жагында 2021-жылдын маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын 6%, башкача айтканда, 420 миң адам жашайт. Жакынкы келечекте жакырчылык күчөйт, калктын негизги тамак-ашка жетүүсү дагы да чектелет. Мунун баары келечекте улуттун саламаттыгына таасирин тийгизет. Биздин өлкө бир топ алсыз абалда экенин түшүнүшүбүз керек. Азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчү начарлап баратканына көз жумуп коё албайбыз", - деди ал.

Анын айтымында, дүйнөдө азык-түлүктүн баасынын ар бир кымбатташы калкыбыздын бул учурду кыйналбай кабыл ала албай кое тургандыгына алып келүүдө. Кыргызстан бул маселени ата мекендик өндүрүшчүлөр менен биргеликте чечиши керек. Эксперт белгилегендей, өлкөдө мындан башка жол жок.

Баяндамачылардын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан азык-түлүк импортуна 80%  көз каранды. Азык-түлүк коопсуздугунун мындай алсыздыгынын себептери контрабанда, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн импорттон корголбогондугу, ички рынокто сатуудагы кыйынчылыктар, чийки заттын, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттыгы ж.б.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аалы Карашевдин айтымында, баанын тездик менен көтөрүлүшүнө өлкө, калк жана ишкерлер жөн эле туруштук бере албай жатышат. "2022-жылдын 10 айында инфляция 12,1%ды түзүп, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 13,1%га өскөн. Баалар кум шекерге - 33,5%га, унга - 26,9%га, макарон жана башка дан азыктарына - 22,5%га, сүт азыктарына - 22,4%га, нан азыктарына - 21,6%га, балыкка - 20,1%га, май боюнча — 17,3 процентке жогорулаган. Өлкөдө орточо эмгек акы 27,9%га өстү. Бирок көбөйгөн кирешенин баары азык-түлүк сатып алууга жумшалды", - деп тактап, республика тиешелүүлүгүнө жараша импорттук азык-түлүккө жана дүйнөлүк баага көз каранды болуп баратканын кошумчалады.

Аалы Карашев көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун, векторлорун жана механизмдерин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи. "Мамлекеттик программанын концепциясынын өзү кайра карап чыгууга муктаж, аны ата мекендик азык-түлүк өндүрүшүн өнүктүрүүгө, калктын кирешесин өстүрүүгө жана жакыр катмарды колдоого багыттоо керек", - деди ал.

Агроөнөр жай комплекси ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев билдиргендей, иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат. "Бүгүн биз аткезчилик көйгөйү, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын соода түйүндөрүнө кирүү, салыктык башкаруу, текшерүүлөр ж.б.у.с айтып жатабыз. Дүйнөдөгү оор кырдаал өлкөбүздүн канчалык начар абалда экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Биз ишкерлер катары экономикага, импортту алмаштыруунун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам бере аларыбызды айткыбыз келет. Бирок бул үчүн мамлекеттин колдоосу керек. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү учуру болуп жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ири соода түйүндөрүнө кирүү маселеси саналат. Ата мекендик өндүрүшчүлөргө ушундай мүмкүнчүлүк берип, ретро бонустар жана маркетингдик төлөмдөр түрүндөгү төлөмдөрдү 5 пайызга чейин төмөндөтүп, төлөө мөөнөтүн кыскартсак, бул биздин ишкерлердин өсүп-өнүгүшүнө, потенциалынын жогорулашына шарт түзөт", - деп ишенээрин билдирди АӨК ассоциациясынын жетекчиси.

Мындан тышкары, ишкерлер түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн башка жолдорун сунушташат: агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кластердик мамиле, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү, жасалма товар жасоого жана контрафакт продукцияларга каршы күрөшүү, жер астындагы сууларды пайдалануу үчүн лицензияны жокко чыгаруу, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн салык режимин жана башкарууну жөнөкөйлөштүрүү. Мындан тышкары, иш-чаранын жыйынтыгында айрым сунуштар айтылды, тактап айтканда, мамлекет башчынын "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын пункттарын ишке ашыруу, 2022-2023-жылдарга айыл чарбасын өнүктүрүү концепциясын кабыл алуу, жергиликтүү айыл чарба продукцияларын ири соода түйүндөрүнө киргизүү боюнча "Ички соода жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы айтылды.

Эксперттер ошондой эле бул чаралардын комплекси республиканын азык-түлүк коопсуздугунун потенциалын өнүктүрүү үчүн түрткү болот деп эсептешет.

Ал эми өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлиги да ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн пикирин жана аргументтерин укту окшойт. Тегерек стол өткөн күнү Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, анда депутаттар "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты.

"Мыйзам долбоорунда соода ишканаларынын пайдасына тамак-аш азыктарын жеткирүүчү тарабынан бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө 5%га чейинки чектөө киргизилген. Бул сатылып жаткан азык-түлүк товарларына керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын стимулдаштыруу боюнча ири соода түйүндөрүнүн кызмат көрсөтүүсүнө тоскоол болбогон механизмди түзүүгө мүмкүндүк берет", - деди мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламентарий Гүлшаркан Култаева. Мыйзам долбоору республиканын ички соодасын өнүктүрүү, азык-түлүктөн көз карандысыз болууну жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана адилет атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости