www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахрор Иминов апрелге чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовду камакта калтырды.

Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, УКМКнын абагындагы камак мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды.

Ал УКМК тарабынан Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалган болчу. Буга чейин Иминов тергөө аяктаганча өлкөдөн кетпөө жөнүндө тил каты менен камактан бошотулуп, бирок декабрдын аягында кайрадан камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости