www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 107 өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө. Бул туурасында Астана мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт. Спорттун жыйырма түрү боюнча 110 комплект медаль ойнотулат.

"Мелдешке ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү, салттуу жаа атуу, куш салуу жана интеллектуалдык спорттун түрлөрү кирет. Ал эми көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 түрү камтылган. Оюндар өтө турган жайлар бири-бирине жакын, катышуучуларга транспорт уюштурулат", — деген Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Абылай Кондыбаев.

Оюндар "Астана-Арена" стадионунда, Үчкемпиров атындагы менчик сарайында, "Алау" муз аянтчасы орун алган жайда, "Казакстан" жеңил атлетика спорттук комплексинде, "Думан" мейманкана комплексинде жана "Казанат" ипподромунда өтөт.

Ошондой эле ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге "Көчмөндөр ааламы" этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот.

Ошондой эле 1000 ыктыярчы тартылары маалымдалды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Астанада өтөт. Буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости