www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын бийлиги жарандардын тынч жыйын өткөрүү жана өз оюн эркин айтуу укугун чектеп, башкача ой жүгүрткөндөргө каршы күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму билдирди.

Эл аралык уюм 7-апрелде 2020-жылдагы адам укуктарына байланыштуу 149 өлкөдөгү абал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндамада коронавирус пандемиясына карата көрүлгөн бир катар чаралар Европа жана Борбор Азияда адам укуктарын коркунучка кептегени айтылат.

Бир катар өлкөлөр COVID-19 панемиясын ширма катары колдонуп, өз таасирин күчөтүп, укук коргоочулардын жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген.

Amnesty International билдиргендей, Казакстан менен Өзбекстанда тынч жыйындарды чектөө жөнүндө мыйзам долбоорлору кабыл алынган же сунушталган.

Баяндаманын авторлору Казакстанда былтыр кабыл алынган тынч жыйындар тууралуу мыйзам эл аралык стандарттарга туура келбей турганын белгилешкен. Тынч жыйындарды бийликтин уруксаты менен атайын белгиленген жерде гана өткөрүүгө болот.

Баяндамада 2020-жылы 8-февралда Жамбыл облусунун Кордай районунда чыккан казак-дунган жаңжалы да эске салынган. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жай жана машине өрттөлгөн. Миңдеген дунган Кыргызстанга кире качкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости