www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө мүкүнчүлүктөр бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Кызматка мыкты иштей турган адамды алып келиш керек. Бизде “таанышым, досум же жакыным” деп кызматтын майлуу жерине алып келишет. Же  алар жакшы жыйынтык көрсөтпөй аягы жаман окуяларга түртүп жатат. Ошондуктан мыкты адистерди алсак туура болмок. Мен бир канча жолу айтып келем, Кыргызстанда экономикалык өнүгүүгө мүкүнчүлүктөр көп, бирок адамдык фактар жок. Тактап айтканда адамдардын жөндөмүү болбой жатат. Эгер ушул экөөнү айкалыштырсак абдан соонун болоор эле. Мисалы, президент эч качан универсалдуу боло албайт. Андыктан ар бир тармактын адистерин, илимдүү- билимдүү өкүлдөрдү, профсессор, академиктерди чогултуп, кеңеш алышы абзел. Алардын башын бириктирип тажрыйбаларын колдонсо жеңил болмок. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда биз курактуу адамдарды чогултуп, кеңешме өткөргөн. Ошондо мен суроо узаттым, сиз тажрыйбалуу адамдар менен тыкыс иштешип, кеңеш укканга даярсызбы? деп сурагам. Бирок Атамбаев бул сроомо жооп берген эмес. Көрсө, Ак үйдүн аппаратында көп жылдардан бери иштеп, карышкыр болуп калган адамдар бар экен. Алар келген президентти эле тегеректеп, кошоматтанып башкаларды жолотпойт имиш.  Бизге окшогон адамдарды жамандап, тажрыйбабызды колдонуп, кеңешибизди укканга мүмкүнчүлүк түзбөйт экен. Алар “биз чети өлкөдөгү адистер менен иштешип жатабыз” деп мурдагы кадрлар айланып эле жүрүшөт. Азыр дагы ошол адамдар Садыр Жапаровдун айланасында тооруп калышыптыр. Андыктан президент аларды угуп эле тим болбостон улуу муундагы инсандардын кеңештерин угуп, билимин пайдаланганы туура”, - дейт Сарыбаев.

\

Булак: NazarNews.kg

Последние новости