www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттары өнөктөштөрү менен 2022-жылы Бээжинде өтчү кышкы Олимп оюндарына бойкот жарыялоону талкуулаганы жатат. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс билдирди.

Анын айтымында, жамааттык негизде бойкот жарыялоо бир эле Вашингтондун эмес, анын саясий үзөңгүлөштөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын да көздөйт. Прайс соңку мезгилде Кытай бийлиги жапырт түрдө адам укугун бузуу тууралуу айыптоодон улам Бээжин Олимп оюндарына кандай мамиле жасалышы керек деген маселе талкууланып келе жатканын айтты.

Прайд азырынча кандайдыр бир так мөөнөт тууралуу сөз жок экенин белгилеп, аталган эл аралык спорттук мелдештерге дагы убакыт бар экенин белгиледи.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Олимп оюндарын саясатташтыруудан алыс болууну эскертти.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах бул спорттук мелдештерге бойкот жарыялоого каршы экенин билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Европа Биримдги уйгур баштаган мусулман азчылыктарынын укуктарын бузганы үчүн соңку 30 жылда биринчи жолу Кытайга санкция киргизген.

Канаданын төмөнкү палатасы Бээжиндин мындай саясатын "тукум курут" катары тааныган.

Европада укук коргоочулар менен коомдук ишмерлер Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укугу бузулган учурларга көп көңүл бурушууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости