www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аял - арбакка турмушка чыкты!

Ирландияда 5 баланын энеси арбакка турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.Ирландиянын Даунпатрик шаарынын тургуну Аманда Тиг XVIII кылымда жашап өткөн Жек аттуу каракчынын арбагына турмушка чыккан. Аял Жекти өзүнүн түшүндө көргөнүн жана ал "Кариб деңизинин каракчылары" тасмасындагы Жек Воробейге аябай окшош экенин, аны абдан, башы айлангыса сүйүп калганын белгилеген.

Үлпөт той өткөнгө чейин Аманда өзүнүн сүйүктүүсү менен 2 жыл аралыгында рухий байланышта болгонун айткан. "Ал менин түгөйүм. Дал ушундай мамилелер тууралуу мен кыялдангам. Көпчүлүк адамдар рухий байланыш тууралуу биле беришпейт. Бирок бул байланыш көпчүлүк адамдар үчүн эң ыңгайлуу", - деп билдирген Тиг.

Ошондой эле, Аманда сүйүктүүсү менен дайыма байланышта экенин жана ал ар кандай кеп-кеңештерди берип турарын кошумчалаган. Коомчулук бул айымдын тандоосун кабыл албай, ал мээсинен айланып калганын айтышат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости