www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда 20- жаштагы аял чачын боёп адамдын жүрөгүн түшүрчү абалга келип калган. Ал интернетте өзүнүн ийгиликсиз тажрыйбасы менен бөлүшүп кыздарды сак болууга чакырат деп билдирет Лайф.ру.

Үч баланын апасы Лорен Вудс чачын боёрдун алдында аны кандай сыноо күтүп жатканын билген эмес.

Чачын боёп сулуу болгусу келген айым коопсуздугун ойлобостон , чач боёктун курамына көз жүгүртпөй, чачына боёкту сүртө баштаган.

Натыйжада чачынын баары шыпырылып түшүп калган. Анын себеби аллергия чакырчу заттардын бар экенин билбей колдонгондон келип чыккан.

Лорендин андан тышкары моюндары жана чекелери күйүп калган. 7 күн катарынан ооруканада оор абалда жаткан Лорен айымдарга абай болууну сунуштайт.

"Маани бербей косметикалык каражаттарды колдонуп азабын 1 ай тарттым. Башкалар менин катачылыгымды кайталабасын деп өзүмдүн сүрөттөрүмдү интернетге жайылтууга аргасызмын" -дейт Лорен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости