www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Бул ирет шайлоо жаңы тартипте өтүп, 54 талапкер партия тизмеси менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдан шайланды.

АСУнун (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала маалыматы боюнча, партиялык тизме менен өткөн талапкерлердин ичинен 19у аял. Ал эми бир мандаттуу округ боюнча бир дагы аял жок.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен шайлоодон өткөндөрдүн арасында 5 аял бар. Алар:

  • Жылдыз Садырбаева;
  • Жамиля Садырбаева;
  • Надира Нарматова;
  • Камила Талиева;
  • Гүлшаркан Култаева.

"Ишеним" партиясынан 4 аял бар. Алар:

  • Жылдыз Таалайбек кызы;
  • Миргүл Темирбаева;
  • Айсара Абдибаева;
  • Чолпон Султанбекова.

"Ынтымак" партиясынан 3 аял бар. Алар:

  • Шарапаткан Мажитова;
  • Аида Исатбек кызы;
  • Лейла Лурова.

"Альянс" партиясынан 3 аял бар. Алар:

  • Гүлкан Молдобекова;
  • Нилуфар Алимжанова;
  • Токтобүбү Оргалча.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан 2 аял бар. Алар:

  • Орозайым Нарматова;
  • Гуля Кожокулова.

"Ыйман нуру" партиясынан 2 аял бар. Алар:

  • Динара Ашимова;
  • Винера Раимбачаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости