www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир округдарда кайрадан добуш берүү болот

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамына ылайык, эгер бир мандаттуу округдардагы шайлоодо “баарына каршы” графасы алдыга чыгып кетсе, анда бир ай аралыгында кайра шайлоо дайындалышы керек.

Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов округунда “баарына каршы” графасы озуп кеткен.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-ноябрда, өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 түзөт.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости