www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкек жана Ош шаарларында феминисттик идеяларды карманган ондогон аялдар жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккандар аялдарга карата зомбулукту жоготууну, кыз-келиндерге карата кодулоону токтотууну жана алардын укуктарын коргоону талап кылган чакырыктарды айтышууда. Алар бардык тармактарда аялдар эркектер менен тең ата, бирдей каралышы керек экенин билдирип, кыз-келиндер өз жашоосуна байланыштуу чечимдерди өздөрү кабыл алышына тоскоолдук болбошу керектигин белгилешти.
Тынч жүрүштүн катышуучулары ошондой эле трансфобияга жана гомофобияга каршы турууга жана майыптарга карата дискриминацияны жоготууга үндөштү. Алар феминисттик плакаттарды, транспортторду да кармап жүрүштү.
Борбордогу иш чараны “Бишкек феминисттеринин демилгелери” бирикмеси, “Назик кыз” коомдук уюму жана “Лабрис”- кумсалардын (ЛГБТ) бирикмеси чогуу уюштурган. Оштогу акцияны жергиликтүү "Жаңы толкун" уюму өткөрдү.
Булак: NazarNews.kg