www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын түндүк-батышындагы Мосул шаарында “Ислам мамлекети уюмунун” мүчөлөрү 19 аялды тирүүлөй өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу өткөн жылы чет элдик басылмалар жазып чыккан.

Жергиликтүү активист Абдулла аль-Малланын айтымында, террорчулар менен жыныстык катнашка баруудан баш тарткан аялдарды темир тор ичинде бензин чачып өрттөшкөн.

“Жүздөгөн адамдар аялдардын тирүүлөй өлтүрүлүп жатканын карап турушкан. Өкүнүчтүүсү аларды куткарууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон жок,” – дейт аль-Малла. 2014-жылы Ислам мамлекети Синджар шаарына чабуул жасап, миңдеген езиддерди барымтага алышкан.

Террорчулар алардын көпчүлүгүн секс-кулчулугуна барууга мажбурлашкан, ал эми андан баш тарткандарды ар кандай жолдор менен өлүм жазасына тартыпкан.

Езиддер- зороастризм, христиан, иудаизм жана ислам дининдегилер болуп бөлүнөт. Езиддерди геноцидге учураткан “Ислам мамлекети уюмун” аялдарды мыкаачылык менен өлтүргөндү токтото элек. Алдыда дагы канчасы ачыкка чыгат,дагы канчасы көмүскөдө калып кеткенин бир гана кудай билет. 

Булак: "gezit.kg"

Последние новости