www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин жака белинде бир жигитти жана анын апасын сабаган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат билдирди.
Облустук милициянын тастыкталган маалыматына ылайык, жаңжал 26-июнда "Адилет" конушунда кошуналар ортосунда болгон.
"Түштөн кийин саат 16.00 чамасында 28 жаштагы жигитти жана анын 47 жаштагы апасын сабап, милиция барганга чейин качып кетишкен. Жабырлануучулар арыз жазды. Аталган факт Жазык кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча катталды", — деп айтылат маалыматта.
Милиция кызматкерлери бул окуяга шектүү катары 48 жаштагы М.М. жана 38 жаштагы М.Д. аттуу жарандарды кармап, сурактан кийин коё берген.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, эне-баланы жер тилкеси боюнча чыккан чырдан улам сабап салышкан.
Чүй ОИИББ жабырлануучулардын соттук-медициналык экспертизасынын корутундусуна карап шектүүлөрдү кармоо боюнча чечим чыга турганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg