www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 13-октябрында Индиянын Панипат шаарында жашаган 35 жаштагы аял үй камагынан бошотулган. Аялдын күйөөсү аны бир жарым жыл мурун ажатканага камап салган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү тургундар аялды коргоп калуу үчүн райондук милицияга кайрылгандан кийин окуя ачыкка чыкты. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери үч баланын энеси 0,8 чарчы метрлик ажатканада жерде жатканына күбө болушкан.

Маалыматка ылайык, акыркы 18 айда ага тамак же суу берилген эмес. Аял мындай алсыздыктан куткарылгандан кийин өз алдынча баса албай калган. Жабырлануучунун күйөөсү аял психикалык жактан жабыркагандыгын, бирок аны тастыктоочу документтерин бере албагандыгын айтты. Полиция кызматкерлери зомбулук көрсөткөн үй ээсин камакка алышты. Жабырлануучу алгач ооруканага жеткирилип, андан кийин тууганынын колуна өткөрүлүп берилген.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости