"Аялыңар ойношторуңарды таап алат". Казакстандык аткаминер элди вакцина алууга өзгөчө жол менен чакырды
Коом  |   |  3406

Мамлекеттик кызматкер социалдык тармакка жазган постун өчүрүп койгон. Бирок, анын колдонуучулары аны сактап калганга жетишип, таратып жиберишкен.

Шымкент шаарынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бахытжан Позилов эркектерди вакцина алууга чакырган.

"Силерди реанимацияга жаткырганда буюмдарыңар менен кошо телефонуңарды дагы аялыңарга карматарыбызды унутпагыла. Аялыңар ойношторуңарды таап алат. Кармалып калбаш үчүн вакцина алгыла", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями