www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атамбаев жазаны жалгыз алып жатат, анын командасы боштондукта. Булар бир короо…», - деди экс-депутат Бактыбек Калмаматов.

- Мен сиздерге бир чындыкты айтып коёюн. Садыр Жапаровдор болуп, «Кумтөр» маселесин көтөрүп калдык. Себеби, биз оппозицияда жүргөндө дагы «Кумтөрдү» эле айта берчүбүз. Парламентке келдик дагы «Кумтөрдү» чечишибиз керек дедик. Садыр Жапаров комиссиянын төрагасы болуп калды.

Ошондо Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери «Кумтөр» улутташтырылсын деген документти ушунчалык колдогусу келсе да, «Кумтөр» улутташып кетсе, Садыр Жапаров улуттун лидери болуп кетет деген кызганычтан улам ал токтомго атайылап, каршы добуш беришип, кээ бири сулуу чымчык болуп, сессияга качып келбей койду.

 Мына чындык бет кабы жок айтса. Мен ошондо «Ата Мекенде» болсом дагы, Садырдын улуттук лидер болушуна каршы болсом да, элден коркуп Садыр Жапаровдун «Кумтөр» улутташтырылсын деген токтомуна добуш бердим. Бирок, мен мунун жазасын алып, көчөдө калдым.

- Садыр Жапаров улут лидери болуп кетет деп ошол кездеги бийлик атайын токтомду колдотпой коюптур. Атамбаевдин жана анын командасы жазасын алдыбы?

- Атамбаев командасы менен жаза ала элек. Булар бир короо. Биз бүгүн эң чоңун алып чыгып, союп жейбиз дегендей эле болуп жатабыз. Азиз Батукаевдин иши чындап Азиз Батукаевди качыргандарды камоо эмес экени билинип калды. Жөн эле ошонун шылтоосу менен Атамбаевди камап, бийлик өзүнүн оппонентинен гана кутулууну көздөгөнү билинип калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости