www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикада 50 пайыз эл шайлоого барышы мүмкүн. Бул тууралуу саясат таануучу Бакытбек Жумагулов NazarNews маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттерден үлгү алышыбыз керек.

--“Азыркы тапта тизмеде 3 млн 686 миң 921 жаран бар экен. Ал эми депутат боло турган партияларда алдыңкы 7ден 10го чейин адам болот. Ушуга байланыштуу биз татыктуусун тандашыбыз керек. Парламенттен көп нерсе көз каранды болот экен.

Мисалы, ЕАЭБге киргенибизде көптөгөн мыйзамдар депутаттардын таасири менен ишке ашты. Коңшу Казакстанда дагы парламентти колдоп жатышат. Алардын жыйынтыгы менен президенти көптөгөн чечимдерди кабыл алып келет. Экономиканын приоритеттүү тармактары катары энергетика, тоо-кен тармагын, айыл чарбасында жакшы реформаларды жасап жатат.

Биз дагы ошолордон үлгү алышыбыз керек. Өзбекстан президенттик башкаруудагы өлкө. Бирок алар деле Борбор Азиядагы таасирдүү мамлекетке айланды. Ошондуктан биз дагы келечекте башкалардын арасында күчтүү, өз таасирибиз бар мамлекетке айланабыз деп ишенем”, - дейт Жумагулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости