www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Садыр Жапаров беш президент көтөрбөгөн маселени көтөрдү», - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков

- Эсенгул ага, президент саммитте кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрүп, ЖККУ уюмуна мүчө болгон мамлекет экинчи мүчө өлкөгө куралдуу кол салганда ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу керектигин айтты. Президенттин бул сунушу башкалардын безине тийдиби, сындаган чыга баштады го?

- Мен өзүңө берген бир интервьюмда чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбегени эки тарап тең өз чындыгын коргогондугунда деп айттым эле. Демек, бул маселени ШКУ жана ЖККУ уюмдарынын отурумуна чыгарып, 1930-жылдардагы картаны колдонуп чыр-чатакты басуу керек.

Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров эгемендүүлүктү алгандан бери беш президент көтөрбөгөн маселени ачык айтып, сунуш кылганы бул тайманбастыгы жана өлкөнүн келечегине тынчтыгына кайдыгер болбогонун көрсөттү.

Албетте, ичи тар көралбагандар жана чек ара маселеси чечилбей контрабанда наркотрафик жолу жабылбашына кызыктар болгондорго Садыр Нургожоевич Жапаровдун бул сунушу жакпай ар кайсы чагымчыл сөздөрүн айтышууда жана шайлоонун алдында да элди дүрбөлөңгө салуунун айласын жасашууда. Бирок алар убакыт бардыгын өз ордуна коёорун эстен чыгарышпаса.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости