www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Улуттук тарых музейи германиялык адистерге 225 миң евро карыздан улам ачылбай турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев бүгүн, 20-сентябрда парламенттеги жыйында айтты.

«225 миң евро немистерден карызыбыз бар. Алар акча төлөнмөйүнчө биз менен сүйлөшпөй жатышат», - деген Бөрүбаев сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Келишим боюнча акы толук төлөнгөндөн кийин немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизишет.

Ал эми 16-сентябрдагы маалымат жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова музей ноябрда ачыларын айткан.

Белгилей кетсек, Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Эске салсак, 7-декабрда Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости