www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкер Алишер Козуев ишкерлерди Ишкерлер күнү менен куттуктады.

Төмөндө Козуевдин куттуктоосу:

Урматтуу өлкөбүздүн ишкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө талыкпаган, жигердүү эмгегиңиздер менен кошкон баа жеткис салымыңыздар чоң. Бүгүнкү күндө 500 миңден ашуун ишкерлер бар, алар өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчүнө айланып, жаңы жумушчу орундарды түзүп, бюджетти толуктап жатканына баарыбыз күбөбүз.

Мамлекет ишкерлерди колдоого, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого тийиш. Биргелешип биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө күчтүү дем бере алабыз.

Өлкөбүздүн ишкерлери ырааттуу өнүгүп, улам жаңы бийиктикти багынтышына тилектешмин. Баштаган бизнес-долбоорлоруңар ишке ашып, ишиңерди ийгилик коштосун!

Кыргызстанбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости