www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

М.Фрунзе заводуна бомба коюлганы айтылды

Бүгүн, 20-сентябрда күндүзгү саат үчтөр чамасында милицияга М.Фрунзе заводунун аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат келип түшкөн, деп билдирди Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерге райондук милиция жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетти.

Укук коргоочулар заводдо болгон жарандарды эвакуациялап, ошондой эле аймакты курчоого алышкан. Мындан тышкары, УКМКнын кызматкерлери да аталган аймакка келди.

Учурда күч органдары издөө жана текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Милиция кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости