www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тартип сакчысы куралчан студентти жарадар кылгандан кийин чуркап келип, куралын колунан алып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн.

Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде элди аткан студент кирип келе жаткан полиция кызматкерине да ок чыгарган. Бирок тартип сакчы аны жарадар кылып, куралсыздандырып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Пермь шаарынын Жол кыймылы коопсуздугу боюнча мамлекеттик автоинспекциянын Жол кайгуул кызматы келген. Полициянын лейтенанты Константин Калинин имараттын башкы корпусуна кирип, ал эми кесиптеши ага лейтенант Владимир Макаров элди эвакуациялай баштаган. Калинин имараттын ичинен куралдуу адамды көргөн. Аны байкап калган кылмышкер лейтенантты көздөй бир нече ирет аткылаган. Ага жооп кылган тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, чуркап келип, куралын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн", — деп айткан ИИМдин өкүлү Ирина Волк.

Ал тартип сакчылар учурда жогорку окуу жайдын аймагын көзөмөлдөп тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, сегиз киши каза таап, 28и жаракат алган. Шектүү кармалган.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости