www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мажоритардык системанын көптөгөн маселеси бар. Бул тууралуу саясат таануучу Бакытбек Жумагулов NazarNews маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.

--“Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат экен.

Депутаттардын санынын өзгөрүшү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган талаптар, жаңы шайлоо системасын киргизүүдө жакшы жыйынтык болот деген ойдомун. Бирок Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышына депутаттарды жаңы шайлоону дайындоону жана өткөрүүдө катачылыктар кайталанат.

Мисалы, айрым аймактарда шайлоочулардын саны абдан аз, кээ биринде көп. Бирок экиден аймакты кошуп койгондору болбой калыптыр. Географиялык абалын карадык дешти бирок, айрымдары дал келбейт. Ушулардын кесепетинен талаш маселе жарышылы мүмкүн. Себеби, мажоритардык системанын көптөгөн маселеси бар”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости