www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде ок чыгарган cтудент кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, шектүү 18 жаштагы Тимур Бекмансуров болуп чыккан. Массалык маалымат каражаттары анын социалдык тармактагы билдирүүсүн таап алышкан. Анда ал, ал ок атууну көптөн бери пландап жүргөнүн жана максатын ишке ашыруу үчүн каражат топтой баштаганын жазган.

Нет описания.

Ал эми 2021-жылы март айында керектүү сумманы чогултуп бүткөн. Алгач Бекмансуров өзү мурун окуган мектепке ок атууну ойлойт, бирок мектеп окуучуларынын кача турган жолдору аз болгондуктан, көздөгөн максатын өзгөрткөн. Кылдат тандоодон кийин, ал корпустардын көптүгүнөн улам Пермь университетин тандап алган.

Нет описания.

Учурда шектүү кармалды. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөндүктөн бутунан жаракат алган. 

Нет описания.

Нет описания.

Нет описания.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, сегиз киши каза таап, 28и жаракат алган. Шектүү кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости