www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө таянсак, 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол шаардык милициясынын  нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүнө чакыруу түшкөн.

“Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Териштирүү жүргүзүү маалында Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы Б.С. аттуу тургун Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. аттуу аялы менен пикир келишпестиктен улам бензин чачып күйгүзүп жибергени аныкталган. Андан кийин окуянын күнөөкөрү качып кеткен. Келин Ысык-Көл  облустук  ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Каракол ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми келиндин жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү Ч.Н. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости