www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялзатына айтпачу сөздөр

Ажырашкан аялдарга айтпачу сөздөр:

“Ага дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берсеңболмок”

Бул ажырашкан аялдын эң эле уккусу келбеген сөз. Анын жолдошуна мүмкүнчүлүк бергенин же бербегенин сиз кайдан билесиз? Ажыраштыбы, демек, мамилеси токточу чекке жетиптир.

“Балдар эмне болот?”

Бул суроону берүүгө деги эле болбойт. Анткени ажырашкан үй-бүлөдөгү эң аялуу, ойлондурган жагдай ансыз да бала болуп саналат. Бул сөздү айтуу менен жакыныңыздын жарасына туз сепкен болосуз.

“Силерди элдештирип коё алам”

Үй-бүлөлүк мамилеге чекит коюу оңойго турбайт. Эгер ал мамиле ажырашуу менен аяктап жатса, сиздин “элдештирип коём” дегениңиз маселени чечпейт.

“Мен билген болчумун”

Бүткөн иштин артынан “ушундай болорун билгем” деген сөздөрдү айтпаңыз. Бул сөздөр жакыныңыздын же курбуңуздун санаасын гана арттырат.

“Эми эмне болот?”

Эми эмне болорун ажырашкан адам өзү да билбейт. Ал эми бул сыяктуу суроолор анын кайгысын арбытып, кайратын эле жоготот.

Сырткы келбетке байланыштуу айтпачу сөздөр:

“Толуп кеткенсиңби?”

Бул ансыз да толуп кеткендигинен ыңгайсыз болуп жүргөн айымдарга катуу тиет. Ал, балким, аны жоюунун, салмакты таштоонун аракетинде жүргөн чыгар. Бул боюнча кеңешиңиз жок болсо, жөн гана унчукпай коюңуз.

“Кош бойлуусуңбу?”

Толук айымдарга бул сөздү айтуу менен алардын көңүлүн катуу оорутасыз. Анткени аялдардын салмак кошконун дароо кош бойлуулук менен байланыштырган туура эмес.

“Мынча арыктап кеткенсиң, сөөгүң эле калыптыр”

Канчалык тамактанганына карабастан айрымдар такыр салмак кошо алышпайт. Аларга мындай сөз угуу оор. Бул абалы кандайдыр бир дарт менен байланыштуу болсо андан да жаман.

“Карып кеткенсиңби?”

Жаш өткөн сайын аялдын сырткы келбетинде өзгөрүүлөр байкалат. Бул үчүн аял ойлонбой койбойт. Аны сиздин баса белгилешеңиз, албетте, ашыктык кылат.

“Чарчаңкы көрүнүп жатасың”

Бул сөздүн артында “кебетең жаман көрүнүп турат” деген маани жатарын эске алыңыз. Анын ордуна сүйүктүүңүздү, жубайыңызды кучагыңызга алып “бүгүн эс алып ал” дегениңиз туура болот.

Балалуу боло албай жүргөн аялдарга айтпачу сөздөр:

“Балалуу болсоң жүдөйсүң”

Жашоодогу башкы тилеги бала жытын искеп, кучагына наристе алуу болгон аял үчүн “балдарың болбосо каалаганча уктап, акчаңды өзүңө сарптайсың” деген сыяктуу сөздөр октой тиет. Бул сөздөр менен аны тилегинен алыстатам деп ойлобоңуз.

“Буюрса, кош бойлуу болосуң, азыр өзүңө кара”

Айрым учурларда адамга эс алуу жетиштүү болушу мүмкүн. Бирок “эс алып, өзүңө кара” деген сөз эне болгусу келген айымдын маанайын түшүрөт.

“Бала багып алсаң болмок”

Төрөй албашына ынанып, үмүтүн үзгөн айымдарга бала багып алуу чечимине келүү оор. Бул маселе боюнча сүйлөшүүнү курбуңуз өзү каалабаса, сиз демилгелеп убара болбоңуз.

“Көңүлүң оорубасын деп анын кош бойлуу экенин айтпадым”

Ырас, эне боло албай жүргөн аялга башканын кош бойлуу экенин угуу оор. Сиз ошондо көңүлүнө карап айтпаган сөздү кийин андан да кеңейтип айтпай эле коюңуз. Кош бойлуу боло албай жүргөнүн баса белгилеп аёо ал айымды ого бетер кайгыртат.

“Кудай буюрбаган тура”

Балким, жакыныңыздын балалуу болуудан үмүтү али үзүлө электир. А сиз бул сөз менен алардын үмүт шооласын өчүрбөңүз.

Турмушка чыга элек кыздарга айтпачу сөздөр:

“Качан турмушка чыгасың?”

Бул адамдын жеке жашоосу экенине карабай айрыкча улуу муундагылар улам сурай берген бул суроо кыздарга жакпайт. Демек, бул сурооңуз үчүн жакшы жооп укпасаңыз капа болбоңуз.

“Качан неберелүү кыласың?”

Бул сөз, албетте, “качан үй-бүлө курайын деп жатасың?” деген маанини туюндурат. Үй-бүлө күтө элек адам үчүн сизди неберелүү кылууну ойлонуу андан да оор болушу ыктымал.

“Сен теңдүүлөр балалуу
болуп калышты”

Бул сөз менен эртерээк турмуш жолуна аттаныш керектигин айтууну максат кылышат. Бирок бул сөз теңин таба элек кызга “курбу-курдаштардан артта калып баратасың” деп угулат.

“Минтип жүрө берсең,
сага күйөө калбайт”

Кыздарга бул сөз да жакпайт. Андыктан ага “эми сен жашы улуу, бир турмуш өткөргөн адамга эле чыгып калышың мүмкүн” деген кеңештериңизди деги эле кошпой койгонуңуз туура.

«Шашпачы, ыйлаган
балаң же уруша турган күйөөң бар беле»

Дал ушул сиз айткан ыйлап турчу бала менен уруша турчу күйөө - бойдок кыздын эч кимге айтпаган арманы. Деги эле бойдок болгону үчүн ал сиз менен жүрө бериши керек эмес. Андыктан бирөөнүн убактысын өзүңүз билип бөлүштүрбөңүз.

Булак: "lady.kg"

Последние новости