www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулган такталарда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө маалыматтар ката жазылганы социалдык тармактарда жарыяланып, кызуу талкууга түштү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бир тактада эле бир нече грамматикалык ката кеткенин тастыктап, алар түндө оңдолгонун “Азаттыкка” маалымдады.

Ала-Тоо аянтында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алдында өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө жазылган такталар орнотулган.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Кыргызстандын Талас өрөөнүндө төрөлгөн. Дүйнөгө белгилүү жазуучу 2008-жылы дүйнө салган. Көзү тирүү болсо, быйыл 90 жашка чыкмак. Айтматовдун роман, повесттери 200гө жакын тилге которулган.

Залкардын 90 жылдыгын эскерүү мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде өтүп, бир катар өлкөлөрдө белгиленүүдө.

Жазуучунун урматына "Азаттык" радиосу окурман, угарман, көрөрмандардын арасында "Мен билген Айтматов" аттуу сынак жарыялап, атайын мини сайт ачылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости