www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамат Айбалаев Баткенде Адахан Мадумаров кол койгон протоколдун негизинде жерибиз кетип калды деп айтып жүрөт.

Биринчиден, чек ара протокол менен аныкталбашын, жер да протокол менен берилбешин Айбалаев билет болуш керек.

Экинчиден, Лейлек тарапка заманбап жол курулушуна жол ачуу максатында кол коюлган ал протокол туура эмес болсо, анда аны жокко чыгарууга оңой эле болот. Азыркы бийлик аны жасап койсо болот. Ага эч кандай тоскоолдук жок.

Азыркы бийлик ага бара алабы? Же Айбалаевди айдактап коюп эле саясий оппоненттен өч алууну көксөп отурабы?

Акаевдин заманында Баткен облусуна губернатор болгон Айбалаев эшек сатаар досу Юрусланбек Тойчубековду биринчи орун басарлыкка алып, экөө эмнелерди гана жасабаганы, анысы үчүн 2005-жылдан кийин кылмыш иши козголгону үчүн Бакиевге кастарын тигип жамандап, аны менен бирге иштегендерди каралап жүрөт. Анын ичинде Мадумаровго тынымсыз асылат...

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости