www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле ЖКга депутат болгон Бектен Сыдыгалиев тууралуу айрым ЖМКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен кызык маалымат жазып чыгышты.

Маалым болгондой Сыдыгалиев УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшү кызматынын биринчи жетекчиси болгон. Маалыматта Сыдыгалиевге 2016-жылдын декабрь айында кылмыш жаза кодексинин 204-берене (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу), 304-берене ( кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери менен кылмыш иши козголгону айтылат.

Бул кылмыш иш боюнча Сыдыгалиевден башка да мэриянын, ТИМдин, УКМКнын айрым чиновниктерине айып тагылганы тууралуу маалыматтар бар. Бирок, кылмыш ишинин толук чоо жайы азырынча жашыруун болуп турат. Себеби, ага жашыруун делген гриф коюлганы айтылат. Сыдыгалиев тымпыйып сыр катпай, бул кылмыш иши боюнча өзү ачык айтып бериши зарыл, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости