www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“COVID адамды 10-15 жылга карытып, уктап жаткан ооруларды ойготот”, - деди бүгүн, 24-январда NazarNews маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев

- Айбар агай, омикрондон кийин ковид токтойбу же дагы 5-6-толкун болуп улана береби?

 - Буйруса февралдын аягында мартын башында бул толкун токтойт, андан кийин мындай күчтүү толкундар болбойт.

- Омикрон COVIDдин жеңил түрүбү? Бул түрү пневмонияга айланбайбы?

- Омикрон тамакты оорутат, бронхитти күчөтөт. Бирок, өпкөгө түшпөйт, пневмонияга айланбайт. Ошон үчүн жеңилирээк өтөт. Мурункудай аба жетпей калбайт.

- Бул илдетке кабылгандагы биринчи белгилер кандай болот?

- Омикрон адамдын алын кетирип, абдан тез чарчай турган кылып коёт. Ошондой эс тутумду  начарлатат. Бул эң биринчи белгилери, бирок бул илдеттин таасирлери  кандай болоору иликтене элек.

Менимче, бул илдеттер адамды 10-15 жылга карытып, уктап жаткан ооруларды ойготот окшойт. Анткени, ковидден кийин адамдын организми алсырап, көп илдетке кабылып жатышканын байкап атам.

Себеби, COVIDден кийин организмде көп витамин, минералдар жок болуп калат. Ошондой эле адамдын организми абдан күчтүү стресске кабылат. Вирус ар бир клеткага кирип, көп нерсени туура эмес иштетип коет.

Ошонун таасиринен адамдар илдеттен арыла албай бир топко чейин кыйналышат. Бирок, ошондой болсо да. Иммунитетти күчтөп, илдетти жеңүүгө аракет кылып, ооруга багынып бербеш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости