www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митингине катышкан Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов кармалды. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы Салянованын билдирүүсүнө жооп берди.

«Шайлообеков менен Назаркулов Т.С. аттуу жаранга кол салышкан. Окуя 24-январга караган түнү Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Качып бара жаткан Т.С. Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен ИИМдин кызматкерлерин жолуктуруп, аларга жардам сурап кайрылган.

ИИМдин кызматкерлери Шайлообеков менен Назаркуловду милиция бөлүмчөсүнө жеткиришкен», - деп айтылат Ленин РИИБдин маалыматында.

Бирок жабырлануучу арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

«Ал эми кармалган жарандардан түшүнүк кат алынып, андан соң кое берилди», - деп билдирди РИИБ.

Эске салсак, 23-январда ИИМдин алдында митинг өтүп, чогулгандар Темиров менен Назаровду бошотууну талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости