www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба евроатлантикалык коопсуздуктун келечеги Казакстанда эмес, Украинада чечилип жатканын билдирди.

"Евроатлантикалык коопсуздуктун келечеги Украинада чечилип жатат. Акыры муну негизги борборлордо түшүнө башташты. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө болуп жаткан нерсенин баары — бул периферия. Бул маанилүү, муну түшүнүп, кабыл алышыбыз керек", — деп билдирди Кулеба "Свобода" радиосунун украин кызматына берген маегинде.

Анын айтымында, Киев дүйнөлүк дипломатиянын борборуна айланып, дүйнө жүзү Украинадагы окуяларга кылдат көз салууда.

Ошол эле маалда министр Орусия Казакстанда өзүнүн "тез жана катаал" аракеттерге бара аларын көрсөтүп, муну менен бул аймактагы позициясын бекемдегенин белгиледи.

"Аскердик көз караштан алганда, бул ЖККУнун алкагында Орусиянын тез аракеттерге бара аларын көрсөткөн локалдык операция болду. Абалды турукташтыруу үчүн ЖККУ аскерлерин Казакстанга киргизүүгө канчалык деңгээлде зарылчылык бар же жок экенине баа бербейм. Бирок Орусия бул кадамы менен баарына тез жана катаал аракеттерге бара аларын көрсөттү. Бул сигналды Вашингтон гана эмес, Бээжин да көрдү. Албетте, бул акциядан кийин Орусиянын бул аймактагы позициялары кыйла бекемделет", — деди Кулеба.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Акциялар башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолуп, эң негизги тополоң Алматы шаарында болгон.

Буга байланыштуу 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев "террордук коркунучту жөнгө салуу" деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. 6-январда Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшсө, 7-январда уюмга кирген Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү барган.

11-январда Токаев ЖККУнун Казакстандагы миссиясы аяктаганын, аскерлер 13-январдан тартып өлкөдөн чыгарыла баштай турганын билдирген. 19-январда Казакстан менен Орусиянын Коргоо министрликтери ЖККУнун аскерлери Казакстандан толук чыгып кетишкенин кабарлаган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстандагы январь окуяларында 227 киши каза болгон. Алардын ичинде 19 күч түзүм кызматкери бар. Бийлик көз жумгандардын бир бөлүгүн "куралдуу бандиттер" жана "террорчулар" катары мүнөздөп, башаламандыктар үчүн жоопкерчиликти ошолорго жүктөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости