www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Асман шаары боюнча дирекция түзүлгөнү дурус, бирок инвестиция тартуу ишин Министрлер кабинети өзү колго алуусу зарыл!”, - деди бүгүн, 24-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

 - Каныбек агай, “Кумтөр” кениндеги маселе чын эле биз ойлогондой чечилет деп ишеним артсак болобу?

- “Кумтөр” боюнча президент Садыр Жапаров мурда болуп көрбөгөндөй чечкиндүү кадамдарга бара алды. Бул чоң эрдиги болду. Баарыбыз колдоого алдык, бир топ чыйралдык! Үмүт пайда болду.

Бирок, “Центерра” эл аралык деңгээлдеги шылуун компания турбайбы! Ал өзүнө эбегейсиз зор киреше алып келип жаткан кирешеден жөн эле кол жууп отуруп калбайт. Болгон митайымдык айла-амалдарды колдонот. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз тарап ар дайым катуу туруш керек.

Эл үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн эч нерсеге кызыкпай, напсини агытбай элибиздин пайда жагын гана көздөшсүн деп айтаар элем. Бирок, эң башкысы “Кумтөрдү” улутташтырсак жакшы болмок!

- Асман шаарын куруу боюнча дирекциянын башчылыгына Тимур Файзиев бекиди. Ал иштин көзүн таба алат деп ишенсек болобу?

- Мен ал жигитке эмнегедир ишене албай турам. Сүйлөгөн сөздөрү мага жаккан жок. Албетте, бул менин жеке пикирим. Дирекция түзүлгөнү дурус экен, бирок инвестиция тартуу ишин Министрлер кабинети өзү колго алуусу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости