www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы чыныгы кырдаалды жашырып жатат. Бул тууралуу Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиевге таянып, Азаттык жазып чыкты.
«Элге туура эмес маалымат берүү согуш учурда душманды адаштарып, канча аскериң, куралың бар экенин билдирбеш үчүн пайдасын тийгизиши мүмкүн. Бирок азыр биз коронавирус менен согушуп жатабыз. Ошондуктан эл, өкмөт туура чечим кабыл алыш үчүн так маалымат керек. Анык маалыматтын жоктугу вирус менен күрөшүүдө зыянын тийгизет», - деди Султангазиев.
Эксперт Кыргызстанда коронавирустун жаңы толкуну келатканын, бирок даярдык начар экенин билдирди. Анын сөзү боюнча өлкөдө COVID-19 вирусунун биринчи толкуну илдетти чет өлкөдөн жуктуруп келгендер болуп эсептелет. Экинчи толкуну алар менен байланышта болуп ооруп калган жакындары жана дарыгерлер. Ал эми үчүнчү толкун бул – вирус жалпы тараган учур. Адамдар анда коронавирусту коомдук жайлардан, вирусту алып жүрүүчүлөрдөн жуктуруп алышы мүмкүн.
Султангазиев өлкөдө адамдардан массалык түрдө тест алууга тест-системалары жетишсиз экенин, бийлик анын санын көбөйтүшү керектигин кошумчалады. Бирок жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканын билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.
Республикалык штаб коронавирусту аныктоочу тест-системаларды сатып алып жатканын кабарлаган. Ошондой эле эл аралык уюмдардан жана бир катар өлкөлөрдөн жардам катары тесттер, медициналык каражаттар келип жатат. Штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын брифинг уюштуруп, маалымат берүүдө.
Булак: NazarNews.kg