www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайра карап чыгып, 437 адамдын COVID-19дан эмес, башка илдеттен каза болгону аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтып чыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы кайра карап чыкканда 437 адам коронавирустан эмес, башка оорудан каза болгону аныкталганы айтылды. Муну менен каза тапкандардын саны 1053 деп катталууда. Бул жагдайга байланыштуу медицина боюнча эксперт Айбар Султангазиевге суроо жолдодук.
-- Министрлик “437 адам коронавирустан каза болгон эмес” деген тыянагын чыгарды. Сиз кошуласызбы?
-- Бул жаңылык өтө таңгалычтуу болду. Өлүмдүн санын азайтканынын себебин мындай карасак болот. Эгер адамдар коронавирустан өлбөсө, коронавирус менен оорубаса, бүгүн тирүү болушмак. Өнөкөт оорулары болсо деле аны менен бир топ жыл жашашмак. Эмне себеп менен статистиканы азайтып жатышканын ойлонуп жатам. Биринчи себеби, дүйнөлүк статистикадан караганда саны азыраак болсун (!) деп ойлоп жатышат. Экинчиси, 437 адамдын ичинен он чактысы же жыйырмадайы дарыгерлер болсо, алар ковидден өлбөсө, токтом боюнча 1 миллион сом үй-бүлөсүнө төлөнбөй калат. Балким булар “дагы бир канча миллион сом үнөмдөйбүз” деп статистиканы өзгөртүп жатышабы?.. Көз салышыбыз керек. Менин оюм боюнча, өтө туура эмес иш болду. Калпыстык. Адамдар ковид менен оорубаса, алар арабызда болмок да.
Булак: Азия Ньюс