www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-августта Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Борбор Азия өлкөлөрүн коронавирус пандемиясы учурунда мамлекеттин муктаждыгы үчүн үйлөрдү түртүрүүгө жана жер тилкелерин тартып алууга мораторий жарыялоого чакырды.
Онлайн форумга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын парламенттеринин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
«Мен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн турак-жайларды түрттүрүүгө жана жарандарды үйлөрүнөн чыгарууга мораторий жарыялоого чакыргым келет. Бир жылга же андан да башка убакытка мораторий киргизүү керек. Пандемия маалында бул маселе баарыбызга өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Коопсуз жайы жана үйү жок кишилер вирусту таратып, баарыбыз жабыркашыбыз ыктымал», — деди БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Ришард Коменда.
БУУнун жеткиликтүү турак жай маселелери боюнча мурдагы атайын баяндамачысы Милун Котари кишилерди үйлөрүнөн чыгарып салуу социалдык нааразылыкка, бөлүнүүгө жана теңсиздикке алып келерин эскертти.
Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө мектеп, оорукана гана эмес көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн эски курулуштарды түрттүрүүдө чыр-чатактар көп болот. Жергиликтүү бийлик сунуштаган компенсация көлөмү жер ээлерин канааттандырбай, иш сотко чейин жетет. Жарандар турак жайларын сактап калуу үчүн түрттүрүү үчүн келген оор техникаларга төшүн тосуп, өз өмүрлөрүнө кол салган учурлар болгон.
Булак: centralasian