www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Дүйшөн Жапаров каза болду

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын этегинде топ жарып чыккан таланттуу акындардын бири Дүйшөн Жапаров узакка созулган оорудан улам 61 жаш курагында 20-августта каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Ал сексенинчи жылдардын этегинде «Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат», «Калыңым жок, каадам бар, кааданы билбес наадан бар» деген өңдүү кош саптары менен элдин сүймөнчүктүү акынына айланган.

Дүйшөн Жапаровду айрым адабият таануучулар сексенинчи-токсонунчу жылдардын «буюккан мууну» атыккан акындардын катарына кошуп жүрүшөт. Анын ырлары «Ленинчил жаш» гезитине, «Учкун» альманахына чыгып турган. «Жоголгон ырлар» деп аталган жалгыз китебин 2013-жылы Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев чыгарып берген.

Дүйшөн Жапаров 1959-жылы туулган. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, Улуттук китепканада кызматкер болуп иштеген.

Акындын сөөгү 21-августта Ат-Башыга, өзү туулуп-өскөн Кара-Суу айылына коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости