www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров жаңы эксперименталдык имараттын сыйымдуулугу 70 орунга эсептелгенин эске салды.

Бүгүнкү күндө жер жумуштары, имараттын каркасын тургузуу иштери аяктап жатат. Курулуш иштерин 2020-жылдын сентябрь айынын аягында толугу менен бүткөрүү мерчемделген.

Президент Сооронбай Жээнбеков узак жылдар бою өлкөдөгү ооруканаларда койко-орундарды жана аймактардагы медициналык мекемелерди кыскартуу боюнча терс көрүнүштөр болуп келгендигин белгиледи.

Мындай иштерге карабастан медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясынын пандемиясына татыктуу каршылык көрсөтүшкөндүгү үчүн Сооронбай Жээнбеков аларга дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.

Учурда, Мамлекет башчысы баса белгилегендей, өлкө аймактарында ооруканаларды куруу жана реконструкция кылуу мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги милдеттеринин бири болуп калды.

Ал Нарын облусунун климаттык шартын эске алуу менен жаңы имаратты сапаттуу куруунун маанисине токтолду. Ошондой эле саламаттык сактоо системасына санариптештирүүнү киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Мамлекеттик чиновниктер өлкө жарандарына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү. ЖОЖдорго жана мектептерге санариптештирүүнү тез арада киргизүү менен билим берүү системасы коронавирус инфекциясы жайылган мезгилде келип чыккан көйгөйлөрдү чече алды. Эми ооруканаларга дагы санарип технологиялар киргизилиши керек. Өлкөбүздө Президент менен айыл өкмөтүнөн баштап баары санариптештирүү процессине тартылышы керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт», — деп өзгөчө баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле 1937-жылы курулган облустук оорукананын эски имаратын да көрүп чыкты. Азыркы тапта ал архитектуралык эстелик катары ЮНЕСКОнун коргоосунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости