www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанды 2007-жылдан бери башкарып келе жаткан президент Гурбангулы Бердымухаммедов Александр Лукашенкону 9-августта Беларуссиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган жок. Ал Лукашенкону Борбор Азиядагы куттуктабаган жалгыз лидер.

Эске салсак өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко 9-августтагы президенттик шайлоодо 80,1% добуш менен жеңишке жетишти. Беларуста шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык акциялары 10 күндөн бери жүрүп жатат. Алгачкы күндөрү бул аракеттер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышууга алып келген. 

Ушу тапта, көптөгөн мамлекет башчылары Лукашенкону анын шайлоодогу жеңиши менен куттукташууда. Түркмөнстандын кыялкеч президенти гана куттуктагандардын тизмесинде жок. Саясат таануучу Аркадий Дубновдун айтымында, буга Гарлик тоо-кен байыту фабрикасынын курулушу боюнча Түркмөнстан менен Беларусь лидерлеринин ортосундагы каржы келишпестиги себеп болгон. Маалыматтарга караганда, түркмөн маалымат каражаттары бир дагы Беларуссиядагы башаламандыктар жөнүндө жазган жок.

Сунатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости