www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги журналист, жарандык активист Гульмира Үмөталиева менен күндөн-күнгө кызып баштаган шайлоо жана көбүрөөк добушка ээ болуунун аракетин көргөн саясатчылардын аракеттери тууралуу баарлаштык.
-Гульмира эже, партияларга жаңы жүздөр кошулду деген пиар кеткени менен негедир жаңылануу байкалбай жатат. Партиядагы алдыңкы орундар капчыктуулардан артпай калды?
-Азыр, жаңылануу болгон жок. Алдыңкы орунда жаштар турат. Жаңылар деген менен аларды башкарып, рычагын басып, кармап туруучу парт-босстор бар да. Алар партиялык шайлоонун бизнес планы сыяктуу пайда жагын караса, экинчи жагынан саясий узун максаттарына жетишет. Партиялык тизмелер гана ТАЛКУУГА алынып, идеялар каралган жок. Анткени, баары окшош. А талапкерлер, бешөө жакса, алдынкы тизмедеги он беши жакпагандар. Эми эл эмне кылат? Тандоодо шагыратып партиялык тизме турса. Демек, идеяларга караганда политтехнологиялардын, маалымат согушу, компроматтар ачылып, саясатчылардын салгылашуусу болот. Болгону, ар шайлоо сайын ставка көтөрүлүп гана жатат. Кечээки домократ бүгүн леберал же улутчул болуп кетишти. Бизде идея жок. Кечээ Атамбаевдин аркасы менен депутат болгондор, бүгүн анын атаандаштары менен саясатка келишти. Уяттары, принциптери жок. Бул система бизге туура келбейт экен. Кана партиялардын туруктуулугу... баары келемиштердей нары бери пайда болгон тарапка ооп кетишти.
-Оппозициябыз дегендин баары эле турмуш чындыгында оппозиция боло алабы же оппозиция болуш үчүн да жүрөк, эрк керекпи?
-Ой Кыргызстанда оппозиция жок. Мадумаров оппозициябы? Бүгүнкү бийликке “ээй”-деп койсо эле кыйынбы? А өзү бийликте турганда не кылды? Сураган киши жок. Оппозиция дагы идея үчүн туруш керек. Бизде оппозициямын деп бары эле айта беришет. А чындыгында, эртең кызмат берилсе дароо эмне максат коюп жатканын унутуп калышат. Бизде азыр кызматка жетүү же ДЕПУТАТ болуу эле чоң максат. А эл үчүн, жер үчүн дегендер куру лозунг. Бирок, арасында ак ниет таза иштей турган бир партияны карап турам. Эми мен дагы ишенгим келет да... Үмүттү үзгүм келбейт...
-Шайлоодо саясий маданияттуулукту сактаганга күчтөрү жетеби же эптеп эле мандатка жетүүнүн айласын издешеби?
-Бизде шайлоодо саясий маданияттуулук барбы? Анда бар болсо, улам улам партиядан-партияга чуркашпайт эле да. Эми булар бирин-бир жакшы билишет. Бир ай ичинде сакталган компроматтар ичтен сыртка чыгып, элди шок кылган информациялар чыгат. Болгону, саясий амбициялары менен ойноп жатып, мамлекеттке доо кетирбесе болду. Ошон үчүн эл дагы иргеп, буларга ишене бербей бир аз сабырдуулук менен мамиле жасашы керек. Бир шайлоодо эрди катын ажырашып кетиптир дегендей болбой, саясатчылар канчалык добуш алуу үчүн амалкөй болсо, добуш берүүдө шайлоочу андан өткөн куу болуп, өз добушун сатпашы керек.
Булак: NazarNews.kg