www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догевдин иштен алынуусу боюнча ар кандай божомолдор айтылып келе жатат. Төмөндө Айбек Аскаров деген Фейсбук колдонуучу Дастан Догоев менен Сапар Исаковдун карым катнашы жөнүндө кызыктуу макала жарыялаган.
Айбек Аскаров: С.Исаковдун коррупциялык схемасына көнбөй койгон Д.Догоев иштен кетүүгө аргасыз болдубу?
- Мамкаттоонун жетекчиси, жаш кадрлардын бири Дастан Догоев кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны премьер-министр Сапар Исаков канааттандырды. Аталган мекеме анын мындай кадамга баруусун үй- бүлөлүк шартына байланыштуу деп билдирген.
Бирок, бул жерде чоң оюн жүргөнүн кулабыз чалды. Угушубузга караганда Д.Догоевдин кызматтан чегинүүсүнө С.Исаков экөөнүн “Акылдуу шаар” долбоору боюнча бир пикирге келе албай калганы себеп болуптур. Атап айтканда, долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн тендери жок эле тандалып алынган кытайлык “Huawei Technologies” компаниясынын берген акчасын булар бөлүп алышып, коротуп коюшуптур. Анын ордун кайдан толтурууну ойлогон Сапар Исаков Догоевге Мамкызматтын эсебиндеги каражаттан жабууну өтүнөт. Бирок, ал сунуштан баш тартып, караманча каршы болот.
Сөзүн укпай койгонуна ызаланган С.Исаков ага тиш кайрап, экөөнүн мамилеси ошондон тарта бузулуп, жыйынтыгында Мамкаттоонун жетекчиси иштен кетүүгө арыз жазыптыр.
Эми “Акылдуу шаар” долбооруна баш-көз болуу ИИМге өткөрүлөт экен. Дагы бир кызык жагдай, Догоев көпкө чейин ишсиз жүрбөйт. Аны кечээ жакында Президенттик Аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Турдуназир Бекбоев кызматка чакырып жатыптыр. Буга улай, президенттик аппараттан атайын топ “Huawei ” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Кытайга барары айтылууда.
Анткени буга чейин маалым болгондой, аталган компаниянын Бишкектеги филиалы “Huawei Tech.Investment” 2015-жылы Иркештам-Ош шаарларынын аралыгында була-оптикалык чубалгысын тартууда, курулуштун баасын ашык көрсөткөндүгү айтылып, каржы полициясы алардын ордо калаадагы кеңсесинин мүлктөрүн жана банктык эсептерин арестке алган. Компания жетекчиси болсо, өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен кармалган. Ал арада компания атын өзгөртүүгө жетишкен. Атап айтканда “Huawei Tech.Investment” жоюлуп, анын ордуна “Huawei Technologies Bishkek” деген компания түзүлгөн.
Бирок, аталган иштин жыйынтыгы эмне болгону азыркыга чейин белгисиз. Бирок ага карабастан, өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн тендерсиз эле кытайлык “Huawei Technologies” компаниясы менен жаңы кызматташуу боюнча ушул жылдын башында келишим түзүп, долбоордун баасы 60 млн долларга бааланууда. Эми кызыктын баары дал ушул жерде жатат. Себеби, “Huawei Technologies” компаниясынын артында баягы Алмаз Кадыркулов турары айтылган. Ал киши ким экенин кыргыз коомчулугу жакшы билет.
Бирок ошентсе да ал тууралуу кыскача токтоло кетели. Кезинде өлкөбүздүн аткаруу бийлигине караштуу кызматтарды аркалап жүрүп, акыры ээрден оодарылган Алмаз Кадыркулов канкор Бакиевдин уулу Максимдин этегине намаз окуп жүрчү. 2010-жылкы элдик революциядан кийин “Кыргызтелекомдо” жетекчилик кызматка келип, бирок ал жактан дагы “айдалган”. Тилекке каршы, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин тилин таап, Мамлекеттик мүлк кызматына башчылыгына шап жармашкан. Ошондо далайы нааразы болгон эле. Ал барган жерге чөп чыкпасын ЖК депутаттары Рыскелди Момбеков менен Кожебек Рыспаев зар какшап айтышты.
Бирок Темикенин кезинде кылы кыйшайып да койгон эмес. Акыры депутаттардын үнү Кудайга жеткенби, айтор, Балыкчы-Корумду жолу боюнча Сариев иштен “айдалгандан” кийин, бул эргул да анын артынан кызматтан кеткен. Ал эми өкмөт Сариевден кийин өкмөттү жетектеген Сооронбай Жээнбеков былыгы көп немени жанына жакын жолоткон эмес. Бирок, амалдуу немеге арга жок дегендей, Сапар Исаков Президенттик аппаратты жетектеп турганда, аны айланчыктап тилин таап өлкөбүздү өнүгүү жолуна багыттай турган “Таза коом” долбоорун жүзөгө ашырууга өз тааныштарынын компаниясын катыштурууну көздөп, башка компаниялардын жолун бууганга жандалбастап жүргөнүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Айткандай эле баары ошондой болууда.
Дегеним, “Таза коомдун” алкагындагы “Акылдуу шаар” программасын кытайлык “Huawei Technologies” камылга көрүп жүргөн кези. Эмне дейбиз, эгер биздин уккандарыбыз туура болсо анда премьер-министр Сапар Исаков “Таза Коомду” курбай эле, шайлоо маалында Бабановду ээрчип жүргөн Бакыт Төрөбаев эптеп кызматка келсек, анан бизнес кылабыз деп айткандай болуп жаткан экен да. Ишенген кожоң сууга акса алды-алдынан тал карма дегендей эле болдук го. Атамбаев, Жогорку Кеңеш ишеним арткан кадр келди деп канчабыз сүйүндүк эле.
Бирок, минтип үмүттөргө суу сээп баштады. Айтор, сары баланын башын кытайлык компания жутат көрүнөт…
Айбек Аскаров
Булак: NazarNews.kg