www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мөңгүлөрдү бузууга жол берген Атамбаев жана Исаков мыйзам алдында жооп бериши керек», - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине Талас облусунун мурунку губернатору Айбек Бузурманкулов.
- Айбек мырза, кумтөрдү иштеткен «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) эл аралык келишимдерди бузду деген максатта кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергенин жарыялашты. Эл аралык сотто «Центерра Голддун» экологияга эсепсиз зыян келтиргени эске алынбайбы?
- Менимче, биз эл аралык келишимдерди бузган жокпуз. Тескерсинче, «Центерра Голд» Кыргыз мамлекети менен болгон келишимдерди, экология, салык боюнча мыйзамдарды бузган. Экологияга орду толгус зыян келтирип, табийгатыбызды талкалашкан. Тагыраагы, 2003-жылкы келишим коррупциялык келишим болгон. Ошон үчүн бул маселеде коррупция боюнча да иш козголушу керек.
Анткени, коррупция бар жерде сот сөзсүз кыргыз тарапта болот. Ошондой эле, 2003-жылкы келишим боюнча Кумтөр мыйзамсыз менчиктештирилгени да эске алынышы шарт. Кыскасы, кыргыз бийлиги коркпой эле чечкиндүү кадамдарга бара берсе, утуш биз жакта болот. Азыр дүйнө жүзүндө экология маселеси биринчи орунга чыгып жатат. Ошондуктан, артка чегинбей, алдыга кадам таштап, эл аралык соттор экологияны эмес, келишимди эске алат дегенге алданбашыбыз керек.
- Баса, Акылбек Жапаров «Сапар Исаковдун өкмөтү стратегиялык келишим түзүп, экологияга келтирилген доону да артка чакыртып алган» деди. Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаган келишим боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Мен Сапар Исаков кыргыз элинин кызыкчылыгы эске албай, «Центеррага» жан тартып, аларды бирөө доого жыга турган болсо, кыргыз өкмөтү коргой турган милдеттемелерди алган келишимин кыргыз элине кылган чыккынчылыгы дейт элем.
Тагыраагы, ал келишим менен Сапар Исаков колу бутубузду тушап бир жеке компанияга кыргыз элин басып берген. Мындай чыккынчылыгы үчүн жана суу кодексин өзгөртүп, мөңгүлөрдү бузууга жол бергени үчүн Атамбаев жана Сапар Исаков мыйзам алдында жооп бериши керек.
Булак: NazarNews.kg