www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 21-июнда “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин анын абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Калиевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары 18-апрелде кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта отурат.

Быйыл 26-январда Бишкектеги ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ишкнага карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости