www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айбек Мырза, активист: “Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин орнотом десе, эл да өзүнүн эркин көргөзүш керек”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган.

– Айбек, Улутчул Мекенчил күчтөр Курултай өткөрөбүз деп жатканыңар белгилүү. Качан өткөрөлү, кандай маселени алып чыгалы деп пландап жатасыңар?

– Курултай качан, кайсыл жерде өтөт, күн тартибине кандай маселелер коюлат, жакын арада жарыялайбыз. 24-ноябрда эски аянтта боло турган элдик талкуу демилгечи топтун атынан өткөрүлүп жатат.

– Элдик угууга расмий бийлик дагы чакыруу алдыбы?

– Бийликке чакырууну расмий түрдө жакын арада беребиз. Бирок, ММКлар аркылуу расмий бийлик бутактарын, саясатчыларды, активисттерди чакырып жатабыз. 5 пайыздык босого болсун дегендерди да элдик угууга чакырабыз. Премьер-министр М. Абылгазиев да Жерүй боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын элдин алдына чыгып айтсын. Ага да мүмкүнчүлүк берилет. 4 ай мурун Жогорку Кеңешке демилгечи топ 12700 кол топтоп референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун жөнөткөнбүз. Тилекке каршы Жогорку Кеңеш Конституцияны, мыйзамдарды бузуп ушул убакытка чейин жооп бере элек.

– Парламент элдик демилге менен сунушталып жаткан мыйзам долбоорун карабай жатканы себеп болуп жатса, акыркы амал элдик угуу болуп жатабы?

– Ооба, элдик талкууну айла кеткенде өткөрүп жатабыз. Жогорку Кеңеш дагы да өз алдынча бийликтин бир бутагы катары калыптана элегин көрсөтүүдө. Президент жакты тиктеп эле олтурат. Ошол эле убакта, 5 пайыздык босого боюнча демилге көтөргөн 5 депутаттын мыйзам долбоорун шыр эле коомдук талкууга алып чыгышты. Депутаттар кош стандарттуулукту көргөзүшүп, адилеттүүлүктү эмес кызыкчылыктарды үлгү тутуп алышкан. Абылгазиев болсо берген убадаларын таанып кетти. Бул маселени депутаттар парламент ичинде карашпаса, элге ачык асманга чыгарабыз. Эл чечсин.

– Мыйзам долбооруна кол койгон 10 миңден ашуун адам элдик угууга келеби?

– Бийликтин ээси эл. Эгерде эл өзүнүн бийлигине Конституциялык негизди ээ болууну кааласа, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин орнотом десе келет деп үмүт кылабыз. Эл да өзүнүн эркин көргөзүш керек.

– Элдик угуу Курултайдын Аткаруу комитети тарабынан пландалдыбы?

– Элдик угууга Аткаруу комитетинин тиешеси жок. Бул демилгечи топтун демилгеси. Аткаруу комитети Курултайга даярданып жатабыз.

– Президент силер койгон талаптар менен макул экенин айтып келатпайсыңарбы? Эл тарабынан сунушталган мыйзам долбооруна президенттин ою кандай болууда?

– Бул мыйзам долбооруна президенттин пикири түз эле. Бирок, белгисиз бир таасирлердин негизинде маселе кечеңдеп жатат. Президент да реформаларга барса элдин колдоосуна ээ болот болчу. Барбаса элдин үмүтү басаңдай берет.

– Эл чогулган жерге ызы-чуу чыгарган адамдар кирип келет эмеспи, абалды пайдаланып кетчү топтордон кантип коргоносуңар?

– Андай ызы-чуу чыгарып көнүп калган провокаторлордон коркпойбуз. Элдик талкуунун тартибин көзөмөлдөө мыйзам боюнча укук коргоо органдарынын жоопкерчилигинде. Референдум маселесинен тышкары элдик талкууга кен байлыктар маселесин да алып чыгабыз. Бул да элдик чечилбеген чоң маселеге айланды. Биз жер казынасы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү сунуш кылабыз. Кен байлыктардын 51 пайыз үлүшү мамлекеттики болуш керек деген. Кен байлыктарыбызды чет мамлекеттик ишканалар ит бекер ташып кетип жатышат. Мыйзам менен бекитип салбасак Өкмөткө ишеним жок болуп калды. Премьер баш болуп айткан сөзүн танып жатат. Элдик талкууда премьерден Жерүй боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сурайбыз, деген Айбек мырза "Жаңы Ордо" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости